Толковый словарь кыргызского языка. 2015
(таанд. м. ийни) 1. Жапайы жаныбарлардын (суур, чычкан, түлкү ж. б.) жерди казып жасап алган баш калкалоочу жайы. Ийинден алыс узабай, Суурлар жүрөт чыңкылдап (Осмонкул). 2. өт. Эптеп жашап туруучу, корголоп бекинүүчү жай. Таба албайсың беш каман, Корголорго ийинди (Токтогул). Же кабар албай душмандан, Ийинге экөөң кирдиңби. («Эр Табылды»).